Ысык-Көлдө сапка тизилген жапайы жаныбарлардын өзгөчө көрүнүшү тасмага түшүрүлдү
30-октябрь 2026, 12:16
Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде жапайы жаныбарлардын өзгөчө көрүнүшү видеого тартылды.
Тасмада аркар-кулжалар менен тоо текелери жана эчкилердин топ болуп, биринин артынан бири сапка тизилген абалда тоо арасындагы сай менен өйдө көздөй багыт алып бара жатканын көрүүгө болот.
Бул көрүнүш Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын жашоосу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт.
Мамлекеттик жаратылыш коруктары жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо, алардын эркин көбөйүп, жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Жаныбарлардын табигый чөйрөдө эркин жана бейпил жүрүшү — экосистеманын туруктуулугунун жана жаратылыштагы тең салмактуулуктун сакталышынын маанилүү көрсөткүчү.