Ысык-Көлдө 400гө жакын аркар-кулжаны тасмага тартып алышкан
06-ноябрь 2026, 11:53
Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде аркар-кулжалардын табигый шартта жайбаракат оттоп жүргөн учуру видеого тартылды. Коруктун кызматкерлеринин эсебине таянсак, видеого түшкөн жаныбарлардын саны 400гө чукул болгон.
Видеодо аркар-кулжалардын тобу тоо боорунда эркин оттоп жүргөнү, андан соң биринин артынан бири тизилип, тоонун бийик тарабына бет алганын көрүүгө болот.
Жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшү — аларды коргоо жана табигый жашоо чөйрөсүн сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөткөн маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан мамлекеттик жаратылыш коруктарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жапайы жаныбарларды коргоо жана алардын табигый көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет.
Мамлекеттик жаратылыш коруктары жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо, популяциясынын өсүшүнө шарт түзүүдө жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ.