Ысык-Көлдө эки ак илбирс видео тасмага тартылды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө эки ак илбирс видео тасмага тартылды

Ысык-Көлдө эки ак илбирс видео тасмага тартылды.

Ысык-Көл облусунунун тоолуу аймактарынын биринде жергиликтүү токойчу тарабынан эки ак илбирс видео тасмага тартылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу багытындагы иштеринин алкагында тартылган видеодон үч ак илбирстин табигый чөйрөдө, тынч жана эркин жүргөнүн көрүүгө болот.

Бул көрүнүш Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылышынын байлыгын жана аймактагы жапайы жаныбарлар үчүн табигый жашоо шарттарынын сакталып жаткандыгын айгинелейт.

Ак илбирс — Кыргызстандын жаратылышынын символдорунун бири жана сейрек кездешүүчү, өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Анын табигый чөйрөдө үзгүлтүксүз катталышы жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Жаныбарлардын адам кийлигишүүсүз, эркин жана тынч жүрүүсү коруктун экосистемасындагы табигый тең салмактуулуктун сакталып жаткандыгынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.