Ысык-Көл облусунда Жаратылыш ресурстары министрлигинин жаңы имаратынын курулушу башталды
10-февраль 2026, 13:49
Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин регионалдык башкармалыгы үчүн жаңы административдик имараттын курулушуна капсула салуу боюнча салтанаттуу азем өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев, министрликтин биринчи орун басары Б. Джусупбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д. Арпачиев , Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Ж. Ормонов , ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын мэри Р. Кадыркулов катышты.
Министр өз сөзүндө жаңы имараттын курулушунун башталышын тарыхый окуя катары белгилеп, бул долбоор аймак үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү жетишкендик экенин айтты. Экологияны коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо улуттук артыкчылыктуу багытка айланганын белгилеп, жаңы имарат экологиялык коопсуздукту камсыздоого, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылышын сактоого багытталган маанилүү кадам болорун кошумчалады.
Ошондой эле Президенттин жарлыктарын аткаруунун алкагында 2025-жылы Ысык-Көлдө 98 рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз орнотулган 30,6 чакырым синтетикалык балык уулоочу торлор жок кылынганын , келтирилген зыян үчүн 3 миллион сомдон ашык суммага доо арыздар коюлганын айта кетти.
Курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Мамлекеттик имараттар департаменти» мамлекеттик мекемеси жүргүзүүдө. Курулуш иштерин 2026-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга министрликтин каражаттарынан 79 миллион сом бөлүнгөн.
Имараттын долбоору курулган имарат Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылууда.
Жаңы административдик имараттын курулушу регионалдык башкармалыктын кызматкерлери үчүн заманбап жана татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле Ысык-Көл облусунда экологиялык жана техникалык көзөмөл тутумун мындан ары чыңдоого багытталган.