Ысык-Көлдө мыйзамсыз саркынды сууларды агызгандарга айып салынды
23-июнь 2026, 10:28
Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө мыйзамсыз саркынды сууларды агызгандарга айып салынды. Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери туристтик милиция менен биргеликте Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында айрым жеке эс алуучу жайлар тарабынан саркынды сууларды мыйзамсыз агызуу жана таштандыларды жайгаштыруу эрежелерин бузуу фактылары аныкташты.
Мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 жаранга жеринде протоколдордор түзүлүп, жалпысынан 15.500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана эс алуучу жайлардын ээлерин жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Ошону менен бирге мыйзам талаптарын бузуу административдик жоопкерчиликке алып келип, ири көлөмдөгү айып пулдардын салынышына себеп боло тургандыгын эскертет.