Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" реабилитациялык борбору ачылды
23-октябрь 2026, 14:18
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылыш аземи болду.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Россиянын Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов катышты.
Адылбек Касымалиев ак илбирстин — Кыргыз Республикасынын улуттук символдорунун бири катары, тоо жаратылышынын улуулугун, кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган өзгөчө маанисин баса белгиледи.
"Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү жана жаныбарларды реабилитациялоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
Министрлер кабинетинин башчысы Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановго долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы жана Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган сейрек кездешүүчү түр катары ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуу. Долбоор жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн изилдөөнү, алардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоону, популяцияларды калыбына келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгууну, ошондой эле керектүү илимий-изилдөө, ветеринардык жана реабилитациялык инфраструктураны түзүүнү карайт.
Белгилей кетсек, борбордун жалпы аянты 1 600 чарчы метрди түзөт. Анын аймагында административдик, лабораториялык жана ветеринардык имараттар, музей-конгресс блогу жана турак жай корпусу жайгашкан.
Борбордо кыргызстандык жана россиялык адистер иштешет.
Алар ак илбирстин популяциясына мониторинг жүргүзүү, генетикалык изилдөөлөрдү өткөрүү, биобанк түзүү, түрдү сактоо жана кайрадан жаратылышка коё берүү боюнча программаларды иштеп чыгуу багытында иш алып барышат.
Ошондой эле студенттердин жана жаш окумуштуулардын тажрыйба алмашуусу пландалууда.