Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондо Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды
05-сентябрь 2025, 18:08
Чүй өрөөнү
2025-жылдын 4-сентябрында Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик сезон мезгилиндеги Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишинин жыйынтыктарына арналган кеңешме болуп өттү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы №199-р токтому менен Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби бекитилген. Документте коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоонун негизги чаралары, анын ичинде суу объектилериндеги тартипти сактоо боюнча талаптар белгиленген.
Бирдиктүү коопсуздук кызматынын курамына Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Транспорт жана байланыш министрлиги, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги кирет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кеңешмеге биринчи орун басар Б. Жусупбеков, министрликтин региондук башкармаларынын жана Ысык-Көл облусу боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жетекчилери катышты.
579 протокол түзүлүп, жалпы 3 238 000 сомго бааланган. Анын ичинен 290 протокол аткарылып, 2 016 500 сом өндүрүлгөн;
193 доо арыз берилген, анын жалпы суммасы 8 378 000 сомду түзүп, алардын ичинен 112 доо арыз боюнча 2 400 000 сом өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде браконьерликке каршы рейддер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында мыйзамсыз коюлган 12 100 метр синтетикалык балык уулоо торлору алынып, механикалык жол менен жок кылынды.
2025-жылдын 5-сентябрында министрликтин инспекторлору Ысык-Көлдүн жээгинде кезектеги рейддик иш-чараларды улантышты. Профилактикалык жана эскертүүчү чаралардын алкагында 700 метрден ашык браконьердик торлор алынган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү натыйжалуу экендигин көрсөттү. Мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз кызматташуусу маселелерди ыкчам чечүүгө, коомдук тартипти сактоого жана экологиялык мыйзам бузууга жол бербөөгө өбөлгө түздү.
Ысык-Көл — өлкөбүздүн эң ири жана баалуу жаратылыш байлыктарынын бири болуп, өзгөчө биологиялык жана экологиялык мааниге ээ. Анын тазалыгын жана жаратылыш балансын сактоо — мамлекеттик экологиялык саясаттын артыкчылыктуу багыты.
Жаратылыш ресурстары министрлиги мындан ары да экологиялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, суу ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы системалуу иштерди улантат.
Жарандарды экологиялык талаптарды сактоого жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырабыз. Табиятты Кыргызстан эли биргеликте гана сактап кала алfn/ат.