Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд: 300 метр тор алынды
12-январь 2026, 09:24
Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд: 300 метр тор алынды
2026-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин №131-Жарлыгын аткаруу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 300 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор аныкталып, алынды.
Браконьерликке каршы иш-чаралар мындан ары да системалуу түрдө улантылат.