Ысык-Көлдө браконьердикке каршы алынган торлор утилизацияга өткөрүлдү
19-май 2025, 12:09

2025-жылдын 17-майында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембилик алкагында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана облустук туристтик экологиялык милициянын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулган иш-чарада Ысык-Көл акваториясынан алынган мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган торлор утилизацияга өткөрүлдү.
2024–2025-жылдары браконьерликке каршы күрөшүү максатында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан чыгарылып, жараксыз абалга келтирилген жана Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кампасына убактылуу сактоого чогултулган Кытай өндүрүшүндөгү 145 даана синтетикалык мешок тор бүгүнкү күндө Бостери айылында жайгашкан “Тазалык” ишканасына караштуу таштандыларды сорттоп бөлүүчү борборго расмий түрдө өткөрүлүп берилди.
Бул иш-чаранын негизги максаты — Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо, браконьерликтин алдын алуу жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу болуп саналат.