Ысык-Көл облусунун аймагындагы суурлардын санын эсепке алуу иштери жүрүп, санактын жыйынтыгында облус аймагынан жалпы – 41 286 (кырк бир миң эки жүз сексен алты) баш суур эсепке алынды
10-июль 2026, 09:14
Чүй өрөөнү
Ысык-Көл облусунун аймагындагы суурлардын санын эсепке алуу иштери жүрүп, санактын жыйынтыгында облус аймагынан жалпы – 41 286 (кырк бир миң эки жүз сексен алты) баш суур эсепке алынды.
Иш-чара Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө белгиленген маршруттар боюнча талаа байкоолору жүргүзүлүп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү боюнча маалыматтар топтолду.
Санак иштери Жаратылыш ресурстары министрлигинин буйругу менен бекитилген жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу жөнүндөгү нускамасына ылайык жүргүзүлгөн.