Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү

Чүй өрөөнү
Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү
Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди. 


Иш-чара Бишкек экологиялык прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуштарын четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысынын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти», «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө Мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 жана 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыктарынын талаптарынын аткарылуу максатында жүргүзүлдү.


Мындан тышкары башка эс алуу жайлары боюнча Экономика министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлөт.