Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлдү
11-ноябрь 2025, 17:51
Чүй өрөөнү
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлдү
2025-жылдын 10-11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө көл аймагынан жалпы узундугу 400 метр болгон мыйзамсыз балык уулоочу тор табылып, ал жараксыз абалга келтирилип, жок кылынды.
Мыйзамсыз балык уулоого каршы иштер мындан ары да улантылат. Министрлик жарандарды экологиялык мыйзамдарды сактоого жана Ысык-Көлдүн биологиялык ресурстарын коргоого чакырат.