Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча көзөмөл күчөтүлдү

Чүй өрөөнү
Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча көзөмөл күчөтүлдү
Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча көзөмөл күчөтүлдү


2026-жылдын 1-июнунан 1-августуна чейин Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.


Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу коргоо аймагында жайгашкан эс алуу жайлары, туристтик объектилер жана башка чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн аймактар көзөмөлгө алынды.


Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 185 административдик протокол түзүлүп, 2 миллион 94 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан тышкары, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн негизинде 57 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 818 миң сомду түзгөн айып пулдар өндүрүлдү.


Балык ресурстарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 17 административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 4 миң 40 сом өлчөмүндө доо коюлду.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сактоо жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.