Ысык-Көлдө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталып, алардын негизинде 8 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү
17-июнь 2026, 11:07
Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталып, алардын негизинде 8 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
Алар таштандыларды атайын белгиленбеген жайларга төгүү, таштандыларды өрттөө, саркынды сууларды эрежеге дал келбеген жол менен агызуу. Мыйзам бузгандарга жалпысынан 111 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздоо багытындагы иштерди ырааттуу улантат. Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлө берет.