Ысык-Көл облусунда пансионаттар жана жарандар тарабынан экологиялык мыйзамдардын бузулушу аныкталды
02-июль 2025, 17:39

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө экологиялык мыйзам бузуулар катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Тактап айтканда:
• “Рохат” пансионатына Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 115-беренесинин 1-пунктунун (атайын белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу) негизинде 17 000 сом айып пул салынды;
• “Алтын-Кол” пансионатына ушул эле берене менен — 17 000 сом айып салынды;
• Ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузгандыгы үчүн, 266-берененин 1-пунктунун негизинде 2 жаранга жалпы 2 000 сом административдик айып пул салынды;
• Ошондой эле 115-берененин 1-пунктунун негизинде жеке жаранга 5 500 сом айып салынды.
Жалпы салынган айып пулдардын суммасы — 41 500 сомду түздү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарба субъекттерин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат. Таштандыларды уруксатсыз жерлерге төгүү жана балык уулоо эрежелерин бузуу экологияга олуттуу зыян алып келүүчү укук бузуулар болуп саналат.