Ысык-Көлдө “Boho” түнкү клубунун аймагындагы укук бузуулар аныкталды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө “Boho” түнкү клубунун аймагындагы укук бузуулар аныкталды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан интернет булактарында тараган, Бает айылында жайгашкан “Boho” түнкү клубунун сезон аяктагандан кийин курулуш калдыктары көл жээгинде калгандыгы тууралуу видео материалдын негизинде жеринде кароо жүргүзүлдү.

Кароо иштеринин жүрүшүндө аныкталган укук бузуулар боюнча жеке жак Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административыдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.

Ошондой эле “Boho” түнкү клубунун аймагында демонтаж иштери жүргүзүлүп жатканы эске алынып, курулуш калдыктарын белгиленген талаптарга ылайык толугу менен тазалоо жана аймакты тиешелүү абалга келтирүү милдеттендирилди.