Кара-Алма токой чарбасында ишембилик өткөрүлүп, токой аймагындагы калдыктар тазаланды

Чүй өрөөнү
Кара-Алма токой чарбасында ишембилик өткөрүлүп, токой аймагындагы калдыктар тазаланды

Кара-Алма токой чарбасында ишембилик өткөрүлүп, токой аймагындагы калдыктар тазаланды

2025-жылдын 25-октябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору интернет булактарында жарыяланган маалыматтын негизинде Кара-Алма токой чарбасынын Сузак токой бөлүмүнүн Курорт зонасына текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан ишембилик уюштурулуп, аймактагы таштандылар жана башка калдыктар толугу менен тазаланганы аныкталды.

Мындай иш-чаралар токой экосистемасын коргоо, айлана-чөйрөнү тазалыкта сактоо жана экологиялык маданиятты жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы токой фондунун аймагындагы тазалыкты жана табиятты коргоо иштерин көзөмөлдөөнү уланта берет жана бардык жарандарды экологиялык жоопкерчиликке чакырат.