Кара-Балтада мордон чыккан кара түтүн боюнча тиешелүү тарап жоопкерчиликке тартылды

Чүй өрөөнү
Кара-Балтада мордон чыккан кара түтүн боюнча тиешелүү тарап жоопкерчиликке тартылды

Кара-Балта шаарында мордон коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардын видео кайрылууларынын негизинде тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору окуя болгон жерге барып, абалды текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарынын бузулушу аныкталып, мыйзам бузууга жол берген тараптка Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылды.