Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды
24-ноябрь 2026, 10:46
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталып, административдик жоопкерчиликке тартылды.
Аталган факты боюнча жерине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте барып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ылай-Талаа айылынын тургуну, Т.К. аттуу жаран эч кандай уруксат берүүчү документтери жок 10 даана кекилик жана 2 даана коёнго мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталды.
Аталган укук бузуу үчүн жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Мындан тышкары, жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында бекитилген таксалардын негизинде 10 даана кекилик үчүн 20 000 сом, 2 даана коён үчүн 10 000 сом, жалпы 30 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Министрлик жарандарды жаратылыш байлыктарын коргоого, жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылууга жана мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөөгө чакырат.