Кара-Суу районунда мыйзамсыз аң уулоо фактысы аныкталды
06-октябрь 2025, 17:25
2025-жылдын 5-октябрь күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери жана NABU уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кырк-Кечүү участкасында рейд жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө аң уулоо эрежелерин бузуп, 6 баш кекилик аткан жаран аныкталды.
Ага Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 261-беренесинин негизинде 10 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №224 токтомуна ылайык, келтирилген экологиялык зыян үчүн 2 000 сомдон жалпы 12 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле рейд маалында аңчылыкка чыккан бир нече жарандар менен жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Кызмат жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, ошондой эле аңчылык эрежелерин так сактоого чакырат. Мыйзам бузуу фактылары боюнча көзөмөл иштери улантыларын маалымдайт.