Кара жыгач багында 15 миң түп көчөт отургузулду.
26-октябрь 2026, 10:01
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана министрликтин кызматкерлери «Жашыл дем» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токоюнда уюштурулган бак отургузуу акциясына катышты. Иш чаранын алкагында жалпысынан 15 миң түп карагач көчөттөрү отургузулду.
Акцияга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ж.б катышты.
Мындай иш-чаралар жаратылышты сактоого, шаардагы жашыл фондду көбөйтүүгө жана калк арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу багытындагы иштерди улантат.