Кемин районунда ашыкча 13 баш кекилик атылганы аныкталды
13-ноябрь 2026, 12:26
Чүй облусунун Кемин районундагы Боом капчыгайынын Суулу-Терек коктусунда Чүй регионалдык башкармалыгынын егери жана NABU уюмунун «Барс» тобунун инспектору тарабынан рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамдуу уруксат кагаздарынын негизинде аңчылык кылып жаткан үч жаран тарабынан белгиленген ченемден ашыкча 13 баш кекилик атылганы аныкталды.
Аталган жарандарга Укук бузуу кодексине ылайык 37 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, жаратылышка келтирилген зыян 26 000 сом деп бааланды.
Жарандар салынган айып пулду жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыярлары менен төлөөгө макул болушту.
Аңчылык эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө, жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар улантылууда.