2025-жылдын 16-сентябры. Кемин районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды
17-сентябрь 2025, 18:39
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн кызматкерлери рейддик текшерүү учурунда «Кемин-Ордо» эс алуу аймагында (Жылтыр жайлоосу, Кемин району) сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысын аныкташты.
Объекттин аймагынан Кызыл китепке киргизилген 2 дикобраз жана 15 кеклик табылган. Жапайы жаныбарларды кармоого тиешелүү документтер ээлеринде болгон эмес.
Кыргыз Республикасынын «Жапайы жаныбарлар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жаратылыштан белгиленген тартипти сактабастан же мыйзамдуулугун ырастоочу документтерсиз алынган, юридикалык жана жеке жактар тарабынан туткун же жарым-жартылай эркиндик шарттарында кармалган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, ошондой эле зоологиялык коллекциялар (аң уулоо трофейлери, чучелдер жана башкалар) мыйзамсыз алынган деп эсептелет. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин аларды мыйзамсыз алган же тиешелүү уруксат документтери жок адамдардан сатып алуу жана сатууга тыюу салынат.
Жаныбарларды сактап калуу жана тийиштүү кам көрүү максатында алар Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) карамагына өткөрүлүп берилди. Иштин материалдары андан аркы териштирүү үчүн Кемин райондук ИИБге жөнөтүлдү.