Кемин районундагы Чым-Коргон психиатриялык ооруканасынын канализация системасынан арыкка саркынды суулар төгүлүп жаткандыгы аныкталды.
01-октябрь 2026, 10:31
Текшерүүнүн жүрүшүндө лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн саркынды суулардан үлгүлөр алынды. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү баа берилет.
Аныкталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чара көрүлүп, 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мекеменин башкы дарыгеринин маалыматына ылайык, түзүлгөн кырдаалга саркынды сууларды чыгаруу жана сордуруу үчүн колдонулган жабдуулардын иштен чыгышы себеп болгон. Тактап айтканда, фекалдык насостор жана компрессор иштебей калган. Маалыматка ылайык, фекалдык насостор эки жумага жакын иштеген эмес.
Учурда мекеменин жетекчилиги жабдуулардын ишин калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө. Компрессорду сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Ошондой эле көйгөйдү чечүүнүн башка жолдору да каралууда.