Кочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагынын өлүгү табылды
01-октябрь 2026, 09:33
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын Кочкор району боюнча егерлери жана Кыргыз мергенчилер жана балыкчылар коомунун егерлери тарабынан Кочкор районунун Каракол жайлоосундагы рейддик иш-чара учурунда Дүңгүрөмө участкасында жайгашкан көчмө үйдүн (вагондун) жанынан бир жапайы тоо эчкинин улагынын өлүгү табылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көчмө үйдүн ээси, Кочкор районунун тургуну Н.Б. аттуу жаран жапайы тоо эчкинин улагын мыйзамсыз атканын мойнуна алган.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык тоо текенин эчкисине аңчылык кылып аны өлтүргөн жарандарга 300 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн.
Окуя боюнча кызматкерлер тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамсыз олжолонгон тоо эчкинин улагынын өлүгү жана жаранга тиешелүү куралды тастыктаган документтер Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары министрлиги жапайы жаныбарларды мыйзамсыз жок кылууга жана жаратылыш дүйнөсүнө зыян келтирүүгө жол берилбей турганын эскертет. Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзам талаптарын бузган жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.