Кыргыз Республикасында Стокгольм конвенциясын ишке ашыруу боюнча жолугушуу өттү
31-июль 2025, 15:36
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде туруктуу органикалык булгоочу заттар боюнча Стокгольм конвенциясын ишке ашыруу алкагында 2026–2030-жылдарга карата жаңыланган планды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директору ачып берди. Жыйынга башка министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.