Кыргызстанда браконьерликке каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн егерьлер жана жарандык активисттер сыйланышты
03-март 2026, 16:01
Жапайы жаратылыштын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкө аймагында браконьерликке каршы күрөшкө олуттуу салым кошкон егерьлерди жана жарандык активисттерди сыйлоонун 12 чи аземине катышты. Иш-чараны “Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” коомдук фонду уюштурду.
Министрлик браконьерликке жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштө алдыңкы сапта турган жаратылыш коргоочулардын салымын жогору баалайт. Демилге түзүлгөндөн бери ак илбирсти жана жапайы туяктуу жаныбарларды мыйзамсыз аңчылыктан коргогондугу үчүн 171 адам сыйланган. 2026-жылы катталган 40 укук бузуу фактысы боюнча кайраттуулук жана принципиалдуулук көрсөткөн 35 егерь жана жаран ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А. Токтобаев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана сейрек кездешүүчү түрлөрдү, анын ичинде Кыргызстандын бийик тоолорунун символу болгон кар илбирсти коргоо мамлекеттик экологиялык саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. «Егерьлерди жана жарандык активисттерди колдоо — бул өлкөбүздүн туруктуу келечегине жасалган инвестиция», — деди министр.
Министрлик жаратылышты коргоо демилгелерин колдоп, иш-чараны өткөрүүгө активдүү катышкан эл аралык өнөктөштөргө — Snow Leopard Trust, Woodland Park Zoo, Toronto Zoo, KCS Pacific Foundation жана Whitley Fund for Nature уюмдарына, ошондой эле «Элдик Банк» ААКка ыраазычылык билдирет.
Министрлик белгилегендей, бул азем — Кыргызстандагы уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоолорду аталган ак илбирсти коргоо үчүн күн сайын өз өмүрүн тобокелге салган адамдардын эмгегин таануунун белгиси. Ведомство мындан ары да айлана-чөйрөнү коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү багытында коомдук, жеке жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну ырааттуу түрдө чыңдай берет.