Кыргызстанда 2040-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча мамлекеттик программа сунушталды
18-ноябрь 2025, 15:45
Чүй өрөөнү
Кыргызстанда 2040-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча мамлекеттик программа сунушталды
2025-жылдын 18-ноябры, Бишкек – Бүгүн 2040-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасын бекитүүгө арналган Улуттук семинар болуп өттү. Семинарга мамлекеттик органдар, аймактардын өкүлдөрү, илимий мекемелер, эл аралык уюмдар, жарандык коом, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана өнөктөр, жергиликтүү коомчулуктар катышып, документти даярдоо процессинин кеңдигин жана инклюзивдүүлүгүн белгилеп өтүштү.
2040-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча мамлекеттик программа (мындан ары – Мампрограмма), ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегия жана иш-пландар (NBSAP) катары белгилүү болгон документ, өлкөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экосистемаларды туруктуу башкаруу боюнча негизги стратегиялык документ болуп саналат. Бул документти Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Глобалдык экологиялык фонддун колдоосу менен даярдалды. Программаны иштеп чыгуу процесси мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн кеңири консультацияларын камтып, бардык тараптарды камтыган инклюзивдүү мамилени камсыздады жана «эч кимди артта калтырбоо» принциптерине негизделди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев катышуучуларга кайрылып, төмөнкүлөргө токтолду: «NBSAPти ишке ашыруунун эң маанилүү компоненттеринин бири – бул ачык-айкын жана илимий негизделген мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү. Анын ишке ашырылышын көзөмөлдөө системасы 2040-жылга чейинки Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны жана 2030-жылга чейинки иш-аракеттер планын (NBSAP) аткарууну камсыздоодо башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун негизги куралы болушу керек».
Документ биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциянын Тараптар конференциясынын 15-жыйынында кабыл алынган Куньмин–Монреаль глобалдык алкагынын (ГРПБ) талаптарына ылайык иштелип чыкты. ГРПБнын 2050-жылга карата глобалдык максаттарына таянып, Мампрограмма биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, экологиялык маселелерди улуттук жана тармактык пландаштырууга интеграциялоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү көз карашты, стратегиялык максаттарды жана артыкчылыктуу багыттарды аныктайт.
ПРООНдун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Мампрограмма Кыргызстанга тоолуу токойлордон жана жайыттардан тартып, суу экосистемаларына жана сейрек кездешүүчү түрлөргө чейин өзүнүн табигый байлыгын сактоого жана рационалдуу пайдаланууга жардам берет.
Ал Кыргызстандын туруктуу өнүгүүгө умтулуусун чагылдырат, өзгөчө климаттык тобокелдиктердин өсүп жаткан шартында..
Бүгүн Беленде, Бразилияда табигый негиздеги чечимдерге (nature-based solutions) басым жасаган СОР30 Тараптар конференциясы өтүп жаткан учурда биздин семинар айрыкча маанилүү болуп турат. Анткени дал ушул табигый чечимдер Кыргызстанга жаратылыш капиталын туруктуу жана акылга сыярлык башкарууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга мүмкүндүк берет».
Улуттук семинар Мампрограмманын долбоорун карап чыгууга, аны ишке ашыруу, координациялоо жана каржылоо механизмдерин талкуулоого, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы улуттук милдеттенмелерди тастыктоого багытталды.