Кыргызстанда атмосфералык абанын сапаты боюнча тегерек стол өттү
18-декабрь 2025, 17:02
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Борбордук Азия боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ АУЖКБ) Регионалдык бөлүмү менен биргеликте жана БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) техникалык колдоосу менен «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана башкаруу механизмдерин талдоо» темасында тегерек стол өткөрдү.
Иш-чара министрдин орун басары А.К. Раимкулованын жетекчилиги алдында өткөрүлдү атмосфералык абаны коргоо жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдык жана институционалдык базанын, ошондой эле адамдын таза, ден соолукка пайдалуу жана туруктуу айлана-чөйрөгө болгон укугун ишке ашыруу механизмдеринин аналитикалык обзору сунушталды. Обзор Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын, стратегиялык документтерин, эл аралык милдеттенмелерин, ошондой эле ДСУнун, ЮНЕПтин жана башка эл аралык уюмдардын сунуштарын талдоонун негизинде даярдалган.
Тегерек столдун негизги максаты — жүргүзүлгөн обзордун жыйынтыктарын талкуулоо жана абанын сапатын башкаруу боюнча мыйзамдарды жана механизмдерди мындан ары өркүндөтүү үчүн артыкчылыктуу сунуштарды аныктоо болду.