Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу 2025-жылдын июль айында журтчу балапанына орнотулган спутниктик GPS-трекердин жардамы менен анын толук миграциялык жолу байкалды. Ал дээрлик 12 миң чакырымга созулган көчүп-конуу сапарынан кийин кайра мекенине кайтып келди
17-июль 2026, 13:48
Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу 2025-жылдын июль айында журтчу балапанына орнотулган спутниктик GPS-трекердин жардамы менен анын толук миграциялык жолу байкалды. Ал дээрлик 12 миң чакырымга созулган көчүп-конуу сапарынан кийин кайра мекенине кайтып келди.
Долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти тарабынан «Природы» фонду, Улуттук илимдер академиясы жана Central Asian Vulture Project менен биргеликте ишке ашырылууда.
2025-жылдын сентябрь айында жаш куш уясынан чыгып, өзүнүн алгачкы өз алдынча сапарына аттанган. Ал 11 985 чакырым аралыкты учуп өтүп, Индиянын, Пакистандын, Афганистандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактарын кесип өткөн. Ошондой эле деңиз деңгээлинен 5 200 метрге чейинки бийиктикке көтөрүлүп, Гиндукуш тоо кыркасын, чөлдөрдү жана Борбордук жана Түштүк Азиянын бийик тоолуу ашууларын багындырган.
2026-жылдын 15-июлунда журтчу кайрадан Кыргызстандын чек арасын кесип өтүп, Баткен облусунун Раззаков шаарынын аймагына учуп келген.