Кыргызстанда жапайы чөптөрдү коргоо максатында мораторий киргизилди
23-май 2025, 11:58

2024-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети №270 токтомду кабыл алып, жаратылышта сейрек кездешкен жана экологиялык жактан маанилүү өсүмдүктөрдү пайдаланууга убактылуу тыюу салды. Бул токтом 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.
Мораторий төмөнкү аракеттерге тиешелүү:
— өсүмдүктөрдү жыйноо,
— сатып алуу жана сатуу,
— ташуу,
— экспорттоо,
— чийки зат катары пайдалануу.
Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн катарына төмөнкү сейрек түрлөр кирет:
• Макротомия (Macrotomia DC)
• Арнебия (Arnebia Forssk)
• Ясенец (Dictamnus L)
• Аконит (Aconitum L)
• Афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch)
• Родиола (Rhodiola L)
• Самарканд өчпөс гүлү (Helichrysum maracandicum)
• Ольга жөө желими (Lindelofia olgae)
• Узун мамычалуу жөө желим (Lindelofia macrostyla)
• Мамычалуу жөө желим (Lindelofia stylosa)
• Чимган жөө желими (Lindelofia tschimganica)
Бул чөптөр Кыргызстандын ар түрдүү аймактарында өсөт. Маселен:
• Макротомия, арнебия жана афлатун пиязы — Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Токтогул райондорунда;
• Ясенец — Чүй өрөөнүндө, Суусамырда жана Жалал-Абадда;
• Аконит жана родиола — Ысык-Көл облусунда;
• Ал эми калган түрлөрдү өлкөнүн ар башка аймактарынан жолуктурууга болот.
Бул өсүмдүктөр кеңири таралбагандыктан жана популяциясынын сакталышы экосистеманын туруктуулугу үчүн маанилүү болгондуктан, аларды жапайы шартта пайдаланууга чектөө киргизилди.