Орток токой чарбасында 100 гектар жерге көчөт отургузууга даярдык көрүлүүдө
10-ноябрь 2026, 15:22
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орток токой чарбасында токой аянттарын кеңейтүү жана калыбына келтирүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 2027-жылы токой чарбанын Ой-Тал аймагындагы 100 гектар жерге көчөт отургузуу пландалган.
Учурда белгиленген аянтта көчөт отургузуу иштерине даярдык көрүлүп, жерди алдын ала иштетүү жана чуңкурчаларды казуу иштери кызуу жүрүп жатат. Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, чуңкур казуу иштери 10 күндүн ичинде толугу менен аяктайт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.
Бүгүнкү күндө республика боюнча токойлордун жалпы аянты 1 миллион 273 миң гектарды түзүп, өлкөнүн жалпы аймагынын 6,4 пайызын ээлейт.
Токой аянттарын көбөйтүү, жаңы көчөттөрдү отургузуу жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртууда, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт.