Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык окуу борборунда “Экологиялык коопсуздук” квалификацияны жогорулатуу боюнча экинчи агымдын окуу курсу жыйынтыкталды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык окуу борборунда “Экологиялык коопсуздук” квалификацияны жогорулатуу боюнча экинчи агымдын окуу курсу жыйынтыкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык окуу борборунда “Экологиялык коопсуздук” квалификацияны жогорулатуу боюнча экинчи агымдын окуу курсу жыйынтыкталды.

Окууга 25 адис катышкан. Алар — министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик парктар менен коруктардын кызматкерлери.

Курстун программасы практикалык багытта түзүлүп, экологиялык мыйзамдар, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо (ОВОС), санариптик коопсуздук, экологиялык мониторинг жана мамлекеттик экологиялык көзөмөл сыяктуу актуалдуу багыттарды камтыйт.

Окуу программасында теориялык билимдерди өздөштүрүү менен катар, адистердин кесиптик милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон практикалык иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жылдын аягына чейин бардык тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу пландаштырылууда.

Бүгүн окуунун экинчи агымынын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова тапшырды.

“Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу өлкөнүн экологиялык саясатын натыйжалуу ишке ашыруунун, адистердин кесиптик компетенцияларын бекемдөөнүн жана экологиялык талаптардын так сакталышын камсыз кылуунун маанилүү шарты болуп саналат”, - деп белгиледи өз сөзүндө министрдин орун басары Асель Раимкулова.