КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү

Чүй өрөөнү
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү

КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү

2026-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын  М. Машиевдин жетекчилиги алдында Комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга ондон ашуун министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталган негизги маселелер каралды. Атап айтканда, Бишкек шаарында электрондук такси мамлекеттик кызматын киргизүү, Чүй облусунда жана борбор калаада газдаштыруунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле атмосфералык абанын сапатын мониторингдөө системасын өнүктүрүү, анын ичинде байкоо жүргүзүүчү сенсорлорду орнотуу жана модернизациялоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагында электр заряддоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги алдында Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле Бишкек шаарында экологиялык таксини киргизүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Улуттук инвестициялык фондго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Д. Д. Бекешев тарабынан сунушталган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сервистин ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды эске алуу тапшырылды.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына Бишкек шаарын жана республиканын аймактарын газдаштыруу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү сунушталды. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү ошондой эле атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерин чечүүдө комплекстүү жана макулдашылган ыкманын маанилүүлүгүн белгилешип, артыкчылыктуу экологиялык долбоорлорду ишке ашырууну ыкчамдатуу жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.