Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин төрагалыгы алдында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө
29-июль 2026, 10:37
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин төрагалыгы алдында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө.
Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын алты айында аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, негизги багыттар боюнча жетишилген көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүлүүдө.
Санариптештирүүнүн алкагында «Бирдиктүү электрондук терезе» системасы ишке киргизилип, документтерди электрондук түрдө кабыл алууга арналган атайын жабдылган кабылдама түзүлдү.
Учурда «Электрондук аукцион», «Кен байлыктар», «Экологиялык мониторинг» жана «Санариптик калдыктар реестри» маалыматтык системалары сыноодон өткөрүлүүдө. Ошондой эле «Түндүк» системасы аркылуу мамлекеттик органдар менен интеграция жүргүзүлүүдө.
Банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу ишке ашырылды.
Ошондой эле Кыргыз-Ата, Падыша-Ата жана Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш парктарында автоматташтырылган көзөмөл-өткөрүү пункттары орнотулду. Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында кирүү аркаларын куруу иштери башталды.
Регионалдык башкармалыктардын видеокөзөмөл системалары борбордук аппаратка чыгарылды.