Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары А. Раимкулованын төрагалыгы алдында жумушчу жолугушуу болуп өттү. Ага Энергетика министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Дүйнөлүк банктын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, ошондой эле Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары А. Раимкулованын төрагалыгы алдында жумушчу жолугушуу болуп өттү. Ага Энергетика министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Дүйнөлүк банктын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, ошондой эле Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темасы — жылытуу мезгилинде энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу чараларынын бири катары, үй чарбалары үчүн жылуулук насосторун сатып алууга жана орнотууга багытталган кредиттик линияны илгерилетүү маселеси болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке турак үйлөрү үчүн программанын жеткиликтүүлүгүнө таасир этүүчү негизги маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, каржылоо шарттары, жылуулук насосторун туташтырууга зарыл болгон электр кубаттуулуктарынын болушу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар жана жеткиликтүү маалыматтык ресурстар аркылуу программанын алкагында сунушталган компаниялар жана чечимдер тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү тараптардын ортосундагы координацияны улантуу, үй чарбаларынын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана республикада жылуулук насосторун киргизүүнү тездетүү боюнча практикалык чараларды иштеп чыгуу макулдашылды.