Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө.


Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын алты айында аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, негизги багыттар боюнча жетишилген көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүлүүдө.


Айтсак, тоо-кен тармагындагы салыктарга токтоло кетсек 2026-жылдын январь-июнь айларында тоо-кен казып алуу ишканалары тарабынан төлөнгөн салыктар жана төлөмдөр  46,5 млрд сомду түздү. Ал эми, 2025-жылдын ушул эле мезгилине карата бул көрсөткүч 28,3 млрд сомду түзгөн. Демек, 2026-жылы былтыркы жалга салыштырмалуу 18,2 млрд сомго көбүрөөк өсүш байкалууда.


Отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги натыйжаларынын бири - бул лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдар (ЛКЖ (СУЛ) боюнча кирешелердин туруктуу өсүшү жана бекитилген пландык көрсөткүчтөрдүн бир кыйла ашыкча аткарылышы болду. 


Атап кетсек, 2026-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы боюнча (30-июнга карата), ЛКЖ боюнча түшкөн каражаттар 461,1 млн сомду түзүп, бул бекитилген жылдык пландагы 375 млн сомдун ордуна жылдык пландын 122,85% аткарылганын билдирет. Бекитилген жылдык пландан ашыкча сумма 85,7 млн сомду түзгөн.