Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде «Элдик Банк» ААКтын катышуусунда климаттык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине арналган жолугушуу өттү.

Чүй өрөөнү

Министрлик тарабынан «Элдик Банк» ААК эң ири эл аралык климаттык механизм — Жашыл климаттык фондго (ЖКФ) түз кирүү статусун алуу процедурасын ийгиликтүү аяктаганы белгиленди. Министр А. Токтобаев «Элдик Банктын» Башкармалыгынын төрагасы У. Ногаевди бул жетишкендиги менен куттуктап, аткарылган иштин маанилүүлүгүн жана тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин баса белгиледи.

«Элдик Банк» ААК өлкөдө бул статуска кыска мөөнөттө ээ болгон биринчи жана бүгүнкү күндө жалгыз банк болуп калганы өзгөчө белгиленди. Бул жыйынтык координацияланган жана конструктивдүү биргелешкен иштин, ошондой эле процесстин бардык этаптарында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн институционалдык колдоонун натыйжасы экени айтылды.

Өз кезегинде «Элдик Банк» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы У. Ногаев Банктын түз кирүү статусун алуусунда ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана натыйжалуу кызматташтыгы үчүн Министрликке ыраазычылык билдирди.
Алынган статус эл аралык каржылоону тартуу жана климат менен экология чөйрөсүндөгү масштабдуу өлкөлүк демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганы белгиленди.

Тараптар тыгыз кызматташтыкты улантуу жана төмөнкү багыттагы долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү ниетин ырасташты:

климаттык демилгелерди өнүктүрүү;

жаратылышты коргоо программаларын ишке ашыруу;

кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдоо.

Бул багыттар Кыргыз Республикасынын экологиялык жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү улуттук артыкчылыктарына толугу менен шайкеш келери өзгөчө баса белгиленди.