Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча региондук стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча региондук стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча региондук стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү.

Консультацияларга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ошондой эле Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү катышты.

Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча региондук стратегия аймактагы мамлекеттер тарабынан GIZдин колдоосу менен иштелип чыккан. Стратегия климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы региондук кызматташтыктын негизги багыттарын аныктайт жана 2030-жылга чейин төмөнкү стратегиялык милдеттерди ишке ашырууну карайт:

  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы региондук координацияны күчөтүү; 
  • адаптациялык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле климаттык каржылоону тартуу механизмдерин түзүү; 
  • билимдерди топтоо, тажрыйба алмашуу жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу адаптациялык потенциалды жогорулатуу; 
  • климаттык мониторинг, маалымат алмашуу жана болжолдоо системаларын өнүктүрүү. 

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча кыргыз тарап Стратегияны ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды берди. Атап айтканда, Катчылыкты Бишкек шаарында Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (БАРЭБ) базасында жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, ошондой эле ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүү максатында башкаруунун төрт деңгээлдүү моделин жөнөкөйлөтүү сунушталды.

Ошондой эле Стратегияны макулдашуунун учурдагы этабын эске алуу менен иш-чаралар планын актуалдаштыруу жана анын улуттук артыкчылыктар, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин адаптациялык долбоорлору менен өз ара байланышын камсыз кылуу сунушталды.