Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.


Жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, 2026-жылдын алты айында аткарылган иштердин жыйынтыгы, жетишилген көрсөткүчтөр, ошондой эле жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу багыттар талкууланды.


Коллегиянын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү негизги жетишкендиктер: 


• абанын сапатын жакшыртуу боюнча жалпы наркы 60 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда; 
• утилдештирүү жыйымынан 159 млн 293,8 миң сом чогултулуп, калдыктарды кайра иштетүүчү 107 ишкана катталган; 
• таштанды полигондорунун саны 411ден 290го чейин кыскартылган; 
• республика боюнча 3 млн 579 миңден ашык көчөт отургузулган; 
• өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына 173 270 турист келип, 19,3 млн сом киреше түшкөн; 
• 1 444 документке мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлүп, 1 436 оң, 8 терс корутунду берилген; 
• 1 180 текшерүү жүргүзүлүп, 2 902 мыйзам бузуу аныкталган, 65,5 млн сом айып жана доо салынып, 38,6 млн сому өндүрүлгөн; 
• тоо-кен ишканаларынан мамлекеттик бюджетке 46 млрд 546,9 млн сом түшкөн; 
• лицензияларды кармап туруу төлөмдөрүнөн 461,1 млн сом түшүп, жылдык план 122,85 пайызга аткарылган; 
• Министрликтин киреше бөлүгүнө 1 млрд 908,8 млн сом түшүп, план 428,3 пайызга аткарылган; 
• 60 ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгып, анын 30у кабыл алынган; 
• «Электрондук бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы сыноо пайдаланууга киргизилгендиги белгиленди. 


Коллегиянын жыйынтыгы менен министрликтин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган чечимдер кабыл алынды.