Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртууга байланыштуу региондор менен жыйын өткөрүлдү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Раимкулованын жетекчилиги астында аймактар менен онлайн жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага Министрликтин регионалдык башкармалыктарынын башчылары, борбордук аппараттын атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Иш чара Министрликтин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган. 

Кеңешменин жүрүшүндө атмосфералык абанын булгануу денгээлин төмөндөтүү маселелери, региондордо аткарылып жаткан иштер талкууланды. Бишкек шаарында өткөн кыш-күз жылытуу мезгилинде абанын сапатынын кыйла жакшыргандыгы белгиленип, булганууну азайтуу иштерин региондордо активдештирүү керектигин Министрдин орун басары А. Раимкулова белгиледи. 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын алкагында, Министрликтин сунушу менен абанын булгануусун төмөндөтүү максатында жер-жерлерде облустук денгээлде мамлекеттик мекемелер аралык комиссиялар иштеп жатат. 

Министрлик тарабынан атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча натыйжалуу, кардиналдуу чараларды кабыл алуу боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жогоруда аталган иш-чаралардын аткарылышын контролго алып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгын билдиребиз.