Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасында калдыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жолугушуусу гибриддик форматта өттү
08-сентябрь 2026, 11:20
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасында калдыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жолугушуусу гибриддик форматта өттү.
Калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны жакшыртуунун, Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) принциптерин киргизүүнүн жана КРда СНиПке ылайык заманбап полигондорду куруу жана эксплуатациялоо боюнча алгачкы техникалык регламенттин кабыл алынышынын жыйынтыгында, Министрлик «КРда калдыктарды жана экинчилик ресурстарды туруктуу башкаруу боюнча мамлекеттик программа» аттуу негизги стратегиялык документти иштеп чыгууга киришти.
Бул мамлекеттик программа «Хельветас Швейцариялык өнүктүрүү коомчулугу» (Helvetas Swiss Intercooperation) уюмунун «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Швейцариялык долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылат.
Жолугушууга эл аралык эксперттер, профилдик министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрү катышты.
Талкуулоо учурунда Министрлик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы №484 токтому менен бекитилген мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандарттарын катуу сактоо позициясын билдирди. Ага ылайык, акыркы 5 жылдагы калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү, өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана тиешелүү иш-чаралар планы менен концептуалдык план иштеп чыгылат.
Бул стратегиялык документтин кабыл алынышы биринчи кезекте төмөнкүлөргө шарт түзөт:
- Өлкөдө калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана эл аралык долбоорлорду тартуу;
- Ведомстволор ортосундагы боштуктарды жана ыйгарым укуктардын кайталанышын жоюу менен, жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдерде калдыктарды башкаруу үчүн бирдиктүү ченемдик-укуктук жана институционалдык негиз түзүү;
- Өлкөдө калдыктарды башкаруу тутумун комплекстүү өнүктүрүү үчүн баштапкы чекит болуп саналган калдыктар боюнча базалык статистикалык, морфологиялык, аналитикалык маалыматтарды жана пайда болуу ченемдерин белгилөө.