Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев менен Татарстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшиндин жолугушуусу болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев менен Татарстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшиндин жолугушуусу болуп өттү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев менен Татарстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшиндин жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун негизги темасы Ысык-Көлдө курулуп жаткан Борбор Азия үчүн маанилүү биргелешкен жаратылышты коргоо жана илимий долбоорлордун бири — «Ак илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборун ишке ашыруу болду.


Адистештирилген комплексте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, заманбап лабораториянын ишин камсыз кылуу, ветеринардык жардам көрсөтүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын реабилитациясын жүргүзүү багыттары бириктирилет.


Борбордун ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын жаратылышынын негизги символдорунун бири болгон ак илбирстин популяциясын сактоого жана калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул жерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ветеринардык диагностика жасоого, жаныбарларды реабилитациялоого жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга бардык шарттар түзүлөт.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар борбордун курулушундагы оң динамиканы белгилеп, аны заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздоо иштерин мындан ары тездетүү маселелерин талкуулашты.


Мындан тышкары, ак илбирсти сактоо боюнча биргелешкен программаны күчөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.