Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мырза Чунцин Кю Пак жетекчилик кылган ЮНОСД офисинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мырза Чунцин Кю Пак жетекчилик кылган ЮНОСД офисинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде ЮНОСД (UNOSD) офисинин өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрүлдү.
Министрлик тарабынан жолугушууга министрдин орун басары А. Мусаев, ошондой эле тиешелүү бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Тараптар Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

2024-жылдын декабрында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги ЮНОСД офисинин жетекчиси Чун Кю Пакка расмий кайрылуу жөнөткөн. Анда атмосфералык абанын булганышына байланышкан саясат маселелери боюнча консультация берүү жана расмий кызматташууну баштоо сунушу камтылган.

Министрлик экологиялык кырдаалды жакшыртууга жана Кыргызстан шаарларынын туруктуулугун арттырууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.