Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде пластик идиштерди жана полимердик пакеттерди өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ата мекендик ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы полимердик материалдарды колдонууну кыскартууну караган мыйзам талаптарына бизнестин даярдыгы болду

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде пластик идиштерди жана полимердик пакеттерди өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ата мекендик ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы полимердик материалдарды колдонууну кыскартууну караган мыйзам талаптарына бизнестин даярдыгы болду
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде пластик идиштерди жана полимердик пакеттерди өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ата мекендик ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы полимердик материалдарды колдонууну кыскартууну караган мыйзам талаптарына бизнестин даярдыгы болду.


Белгиленген талаптарга ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда кээбир полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынат. 


Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтууга, ошондой эле пластик калдыктарынын көлөмүн кыскартууга багытталган.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ата мекендик ишканалардын жаңы шарттарга ыңгайлашуусунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты. Анын ичинде биологиялык жол менен ажыроочу альтернативаларга өтүү, экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жана пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулуктарын жогорулатуу маселелери каралды.


Ошондой эле пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо жана тармактын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү жаатында «Экооператор» ишканасынын ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Талкуунун жыйынтыгында жаңы талаптарга ырааттуу жана этап-этабы менен өтүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгы белгиленди.


Мындан аркы иштерди жүргүзүү жана келип чыккан маселелерди кошумча кароо максатында министрлик ири өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен биргеликте жумушчу топ түзүүнү пландаштырууда.