Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары Асель Раимкулованын Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (БАРЭБ) аткаруучу директору Батыр Мамедов менен жолугушуусу болуп өттү
25-июнь 2026, 08:54
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары Асель Раимкулованын Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (БАРЭБ) аткаруучу директору Батыр Мамедов менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбордук Азия конференциясына (КӨБАК) даярдык көрүү маселелерин жана аны 2027-жылы өткөрүүнүн келечегин талкуулашты.
Айрыкча, КӨБАК-2027 конференциясын 2027-жылы Бишкек шаарында өткөрүү пландалып жаткан Дүйнөлүк тоо саммитинин алкагында уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. БАРЭБ өкүлдөрү КӨБАКты ири эл аралык иш-чаралардын алкагында өткөрүү боюнча олуттуу тажрыйбага ээ экенин белгилеп, даярдык иштерине зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар климат жана тоолордун туруктуу өнүгүүсү жаатындагы эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мындан аркы кызматташууга, ошондой эле аракеттерди координациялоого кызыкдар экенин ырасташты.