Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин арасында оорулардын жайылышын алдын алуу жана болтурбоо маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу кеңешме болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин арасында оорулардын жайылышын алдын алуу жана болтурбоо маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу кеңешме болуп өттү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин арасында оорулардын жайылышын алдын алуу жана болтурбоо маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу кеңешме болуп өттү.


Кеңешмеге Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борборунун, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө жапайы жаныбарлар арасындагы эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү, биргелешкен текшерүүлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин оорулары жана массалык кырылуу учурлары аныкталганда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселелери каралды.


Өзгөчө көңүл мамлекеттик органдар менен илимий коомчулуктун иш-аракеттерин координациялоого бурулуп, келип чыккан коркунучтарга өз убагында чара көрүү, өзгөчө кооптуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо маселелери талкууланды.


Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар мониторинг жүргүзүү, маалымат алмашуу, ооруларды эрте аныктоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле ветеринардык-санитардык, илимий жана жаратылышты коргоо иш-чараларынын комплексин ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты.