Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде аңчылык чарбаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аңчылык чарбасын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде аңчылык чарбаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аңчылык чарбасын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде аңчылык чарбаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аңчылык чарбасын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү.


Иш-чарага министрликтин аймактык башкармалыктарынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Ветеринардык кызматтын, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун өкүлдөрү, ошондой эле аңчылык чарбаларынын жетекчилери катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө аңчылык чарбасын өнүктүрүү, аңчылык жаныбарларынын санын эсепке алуу системасын өркүндөтүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.


Өзгөчө көңүл жапайы жаныбарлар арасында оорулардын алдын алуу жана аларга мониторинг жүргүзүү маселелерине бурулду. 


Кеңешмеде аңчылык чарбасын башкарууга заманбап санариптик инструменттерди киргизүү негизги маселелердин бири катары каралды. Жаныбарлар дүйнөсүн коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, аңчылык чарбаларынын ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик көзөмөлдү өркүндөтүү максатында республикадагы бардык аңчылык чарбаларына SMART системасын жана «Мерген» автоматташтырылган маалыматтык системасын этап-этабы менен киргизүү чечими кабыл алынды.


Санариптик чечимдерди киргизүү жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин эсепке алуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн сапатын жогорулатууга, аңчылык чарбаларынын ишмердигине көзөмөлдү күчөтүүгө, маалымат алмашууну ыкчамдатууга жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндө башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун кыйла натыйжалуу механизмин түзүүгө мүмкүндүк берет.


Жыйынтыгында аңчылык чарбаларынын ишмердигин өркүндөтүүгө, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө, ошондой эле аңчылык жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык чараларды камтыган резолюция кабыл алынды.