Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.


Жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, 2026-жылдын алты айында аткарылган иштердин жыйынтыгы, жетишилген көрсөткүчтөр, ошондой эле жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу багыттар талкууланды.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл тармагында текшерүүлөргө киргизилген мораторийге байланыштуу көзөмөл иш-чараларынын саны азайды. Текшерүүлөрдүн саны 1 миң 629дан 1 миң 180ге, аныкталган мыйзам бузуулар 5 миң 33төн 2 миң 902ге, түзүлгөн протоколдор 2 миң 136дан 1 миң 927ге, берилген көрсөтмөлөр 948ден 689га чейин кыскарды. Ошол эле учурда кырсыктардын саны 12ден 8ге чейин азайды.


Ошол эле учурда текшерүүлөрдүн саны азайганына карабастан, жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугу жогорулады. Өндүрүлгөн айып пулдардын көлөмү 23 миллион 740 миң сомдон 24 миллион 310 миң сомго, ал эми доолор боюнча өндүрүлгөн каражат 11 миллион 250 миң сомдон 14 миллион 280 миң сомго чейин өстү. Жалпысынан 2 миң 33 мыйзам бузуу фактысы боюнча 65 миллион 500 миң сом өлчөмүндө айып пулдар салынып жана доо талаптары коюлуп, анын 38 миллион 600 миң сому, же 58,9 пайызы өндүрүлдү. Айып пулдарды өндүрүү деңгээли 69 пайыздан 84 пайызга, ал эми доо талаптары боюнча өндүрүү деңгээли 37 пайыздан 39 пайызга жогорулады.


Рейддик иш-чаралардын саны көбөйдү. Алардын саны 108ден 160ка чейин, же 48,1 пайызга өстү. Натыйжада 86 миң 550 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынып, 1 миң 655 килограмм таштанды чыгарылды. Бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 362,8 пайызга жана 171,3 пайызга өстү. Паспорттоодон өткөрүлгөн объекттердин саны 217ден 290го жетти.


Ысык-Көлдү тазалоо иштеринин алкагында көлдөн 50 миң метрден ашык синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылып, 1 миң 250 килограмм таштанды чыгарылды. Экологиялык талаптардын сакталышы боюнча 1 миң 267 эс алуу объектиси көзөмөлгө алынды. Полиэтилен продукциясын колдонуу 50 пайызга кыскарды.


Кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Жалпысынан 405 кызматкердин билим деңгээли текшерилип, алардын 270и аттестациядан ийгиликтүү өттү.