Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасынын делегациясынын Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. КС31 2026-жылдын 9-20-ноябрында Түркия Республикасынын Анталья шаарында өтөт

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасынын делегациясынын Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. КС31 2026-жылдын 9-20-ноябрында Түркия Республикасынын Анталья шаарында өтөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасынын делегациясынын Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. КС31 2026-жылдын 9-20-ноябрында Түркия Республикасынын Анталья шаарында өтөт.


Жыйын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулованын төрагалыгы алдында өттү.


Жыйындын күн тартибине ылайык төмөнкү маселелер каралды:


1. Кыргыз Республикасынын Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) катышуусунун максаттары жана артыкчылыктуу багыттары жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын КС31ге катышуусуна даярдык көрүү боюнча иш-чаралар планын кароо.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуу форматына, улуттук павильонду уюштурууга жана кошумча иш-чараларды (side events) өткөрүүгө байланышкан маселелер.
4. Ар кандай маселелер.


Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын КС31ге катышуусунун максаттары жана артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын Конференцияга катышуусуна даярдык көрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды.


Ошондой эле КС31де Кыргыз Республикасынын улуттук павильонун уюштуруу маселеси талкууланды. Буга чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору тарабынан КС31де Кыргыз Республикасынын улуттук павильонун уюштуруу боюнча өтүнмө берилип, ал КС31дин уюштуруучулары тарабынан жактырылган.


Жалпысынан, катышуучулар КС31де Кыргыз Республикасынын улуттук климаттык артыкчылыктарын илгерилетүүгө, климаттык каржылоону тартууга, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого, туруктуу өнүгүүгө жана тоо күн тартибине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.


Күн тартибиндеги маселелерди кароонун жана талкуулоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.